7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоодо курман болгон жоокерлер эскерилди

144

2026-жылдын 16-сентябрында ИИМдин Ички аскерлеринде Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоодо баатырларча курман болгон аскер кызматчыларынын жаркын элесине арналган эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаты Бактияр Калпаев, Ички аскерлердин кол башчысы полковник Дамир Алыбаев жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Эскерүү иш-чарасынын жүрүшүндө милициянын генерал-майору Октябрь Урманбетов сөз сүйлөп, мамлекеттик чек араны коргоодо өз өмүрүн аябаган жоокерлердин эрдиги жана мекенге болгон берилгендиги кийинки муундар үчүн да үлгү болуп каларын белгиледи.

Алардын өмүрү — Мекенди коргоонун бийик үлгүсү. Баатырлардын эрдигин эскерүү, алардын жаркын элесин урматтоо — мекенчилдиктин жана кийинки муун алдындагы ыйык милдеттин бир көрүнүшү болуп саналат.

Андан соң Жогорку Кеңештин депутаты Бактияр Калпаев чек арадагы куралдуу кагылышууларга катышкан аскер кызматчыларына Жогорку Кеңештин төрагасынын атынан ыраазычылык каттарын тапшырды.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар мамлекеттик чек араны коргоодо курман болгон жоокерлердин элесине таазим этип, алардын эрдигин терең урматтоо менен эскеришти.

145