7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азербайжан менен Кыргызстан саламаттык сактоо тармагында тажрыйба алмашат

219

Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев Азербайжанга болгон жумушчу сапарында Борбордук бажы госпиталына барды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, Мамлекеттик бажы комитетинин Медициналык кызматынын башчысы Жейхун Мамедов кыргыз делегациясын кызматтын ишмердүүлүгү, ошондой эле калкка көрсөтүлүп жаткан жогорку технологиялуу медициналык кызматтар менен кеңири тааныштырды. Өзгөчө көңүл эл аралык стандарттарга ылайык келген инновациялык диагностика жана дарылоо ыкмаларын киргизүүгө бурулду.

Мекемеде жогорку адистештирилген операциялар, анын ичинде бөйрөк жана боор трансплантациясы, жүрөк-кан тамыр хирургиясы, ошондой эле бир катар заманбап процедуралар ийгиликтүү жүргүзүлүүдө.

Тараптар тажрыйба алмашуу, кадрдык потенциалды өнүктүрүү, дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар тармагындагы өз ара аракеттенүү маселелерин карашты.

220