7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азербайжандын президенти Кыргызстанга келди (ФОТО)

630

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев бүгүн, 11-октябрда, Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Азербайжандын Президентинин учагы “Манас” эл аралык аэропортуна конду.

Аэропорттун флагштокторуна Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, аны бойлото Ардак кароол тизилди.

Жогорку даражалуу мейманды президент Садыр Жапаров тосуп алды. Эки мамлекеттин башчысына концерттик программа тартууланды. 

Мамлекеттик сапардын алкагында Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынына катышат.

Мындан тышкары, сапардын алкагында “Кыргызстан-Азербайжан достугу” сейил багынын, ошондой эле Гейдар Алиев жана Низами Гянджеви  атындагы жалпы билим берүү мектептеринин ачылышы болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

631