7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азербайжандын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

204

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

“Бүгүнкү күндө боордош Кыргызстан туруктуу жана динамикалуу өнүгүү жолунда алдыга жылуу менен саясий, экономикалык, социалдык жана башка тармактарда чоң ийгиликтерге жетишти. Сиздин өлкөнүн жетишкен ийгиликтери бизди абдан кубандырат.

Сиз эки тараптуу мамлекеттер аралык мамилелерди жана өз ара ишенимге жана колдоого негизделген стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө чоң салым коштуңуз, бул биздин элдердин эркин чагылдырат жана биз аны жогору баалайбыз. Акыркы жылдары эл аралык деңгээлде өткөрүлгөн көптөгөн өз ара сапарлар, жолугушуулар, пикир алмашуу мамилелердин жана кызматташтыктын жогорку деңгээлин көрсөтүп турат.

Азербайжанга быйыл жасаган үч сапарыңызды, айрыкча ушул жылдын апрель айында мамлекеттик сапарыңызды өзгөчө белгилегим келет. Оккупациядан бошотулган аймактарды калыбына келтирүү жана реконструкциялоо боюнча колдооңуз жана Агдам районунда орто мектеп куруу демилгеси үчүн дагы бир жолу ыраазычылык айтам. Мен муну бир туугандыктын дагы бир ачык мисалы катары баалайм.

Жалпы тарых жана бай адеп-ахлактык баалуулуктар менен бекемделген биздин тыгыз мамилебиз жана стратегиялык өнөктөштүгүбүз мындан ары да элдерибиздин эркине ылайык биргелешкен аракеттер менен өнүгүп жана бекемделе берерине ишенем”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

205