7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азербайжандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

403

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

«Сизди келе жаткан Жаңы 2025-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм жана жакшы тилектеримди билдирем.

Узап бараткан 2024-жыл азербайжан-кыргыз мамилелерин ар тараптуу өнүктүрүү жана чыңдоо жагынан ийгиликтүү жыл болду. Жыл бою өз ара сапарлар, көптөгөн достук жана чын ыкластуу жолугушуулар, сүйлөшүүлөр жана жетишилген макулдашуулар натыйжалуу жана жемиштүү болду. Ушул жылдын апрель айында Азербайжанга болгон мамлекеттик сапарыңызды канааттануу менен эстейм, анын жыйынтыгын жогору баалайм.

Келе жаткан 2025-жылы боордош элдерибиздин ортосундагы биримдик жана тилектештик дагы бекемделет деп ишенем. Жалпы тарыхый жана маданий тамырлар, өз ара ишеним жана колдоо сыяктуу принциптердин негизинде бекем курулган азербайжан-кыргыз мамилелери жаңы мазмун менен байытылып, өлкөлөрүбүздүн жана жалпы эле региондун туруктуу өнүгүүсүнө жана гүлдөп-өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Келе жаткан Жаңы жылга байланыштуу Сизге жана Сиздин үй-бүлөңүзгө чың ден соолук жана бакыт-таалай, жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

404