7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ажылыкка барууну пландап жатсаңыз сөзсүз окуңуз. Талаптар өзгөрдү

210

2026-жылдагы ажылык сезонуна карата Сауд Аравия зыяратчылар үчүн жаңы медициналык талаптарды жарыялады. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ажылык амалдарын аткарууга келген жарандардын ден соолугунун абалына өзгөчө көңүл буруп, физикалык мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар үчүн ажылыкка барууга чектөөлөр киргизилгенин билдирди.

Медициналык көрсөтмөлөргө ылайык, төмөнкүдөй оорулар менен жабыркаган зыяратчыларга ажылыкка уруксат берилбейт:

  • Гемодиализге муктаж болгон бейтаптар;
  • Минималдуу кыймыл-аракетке тоскоол кылуучу жүрөк ооруулары;
  • Туруктуу же үзгүлтүксүз кычкылтек терапиясын талап кылган өнөкөт өпкө оорулары;
  • Боордун прогрессивдүү циррозу менен жабыркагандар;
  • Аң-сезимге тоскоол болгон оор неврологиялык жана психикалык оорулар;
  • Өз алдынча кыймыл-аракетке жөндөмсүздүк жараткан таяныч-кыймыл аппаратынын оор илдеттери;
  • Кем акылдуулук менен коштолгон карылар;
  • Жугуштуу инфекциялык оорулардын (мисалы, ачык түрдөгү кургак учук) активдүү стадиясындагы бейтаптар;
  • Химиотерапия алып жаткан рак ооруусунун бейтаптары;
  • Кооптуулук коштолгон кош бойлуулар.

Мындай талаптар зыяратчылардын коопсуздугун жана ажылык мезгилинде медициналык кызматтардын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу максатын көздөйт.

Сауд Аравия ажылыкка барууну каалаган ар бир жаранга алдын ала медициналык текшерүүдөн өтүүнү жана тиешелүү дарыгердик корутунду алууну сунуш кылат.

211