7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ажырашууну жашыруу баланын психикасын бузат

538

Ажырашууну жашыруу баланын психикасына зыян келтириши мүмкүн. Бул тууралуу Gazeta.Ru агенттиги жазып чыкты.

Психолог Наталья Дербеневанын маалыматына ылайык, ата-эненин ажырашып жаткандыгын жашыруу баланын өнүгүүсүнө туура эмес таасир тийгизет.

Балдар кырдаалды жана маанайды байкап баарын, түшүнүшөт. Чогу жашагандай түр көрсөтүп атаң же апаң бир жака кетти азырынча өзүнчө жашайбыз дегендин ордуна баарын ачык-айкын айтуу туура деп эсептейт эксперт.

Ошондой эле психолог ажырашуу тууралуу балага айтуу үчүн үчүнчү жактарды (тааныштарды же туугандарды) кириштирбөөнү сунуштайт. Эң туурасы ажырашууну балага ата-энеси чогу бирге айтуу керек экендигин билдирген.

Наталья Дербенева жеке мамилелер, көйгөйлөр тууралуу кызыңа же балаңа айтууну туура эмес деп эсептейт жана аларды айтпоону сунуштайт. Анткени мындай нерсе балага травма алып келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

539