7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азия чемпионаты: Бүгүн кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер башталат

276

Бүгүн, 8-апрелде мелдештин үчүнчү күнү кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер башталып, анда 50, 55, 59, 68 жана 76 кг чейинки салмакта медалдар ойнотулат.

Кыргызстандын курама командасынын атынан төмөнкү балбандар килемге чыгат:

  • Арууке Кадырбек кызы — 55 кг чейин;
  • Сезим Жуманазарова — 59 кг чейин;
  • Мээрим Жуманазарова — 68 кг чейин;
  • Айпери Медет кызы — 76 кг чейин,

50 кг чейинки салмакта Кыргызстандын өкүлү катышпайт. Алдын ала беттештер саат 11:30да башталат.

Белгилей кетсек, ушул күндөрү Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат. Мелдешке Азиянын эң күчтүү балбандары катышып, грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашууда. Жалпысынан 350гө жакын балбан арасында 30 комплект медаль ойнотулууда.

277