Грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасындагы (U17) курама команданын мүчөсү Мирсаид Юнусов Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 65 кг чейинки салмак категориясында жеңүүчү болду.
Мирсаид 1/4 финалдан баштап казакстандык спортчуну 10:4 жеңип, жарым финалдык беттеште өзбекстандык балбанды 6:4 эсебинде жеңди. Финалдык беттеште индиялык балбан Кумар Сачинди 3:2 эсебинде жеңип алтын медалдын ээси болду.
Ал эми, Ырыскелди Хамзаев Азия чемпионатында 71 кг чейинки салмак категориясында алтын медалга ээ болду.
Спортчу 1/4 финалдан баштап 10:0 эсебинде кореялык балбанды утуп, жарым финалда ирактык спортчуну «туше» ыкмасы менен жеңип алды. Финалдык беттеште ирандык Хабибулла Сайед Рахими аттуу балбанды 12:2 эсебинде жеңип 1-орунду камсыз кыла алды.