7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азия чемпионаты: Жоламан, Акжол баш болгон балбандар кайтып келишти (ФОТО)

690

Кечээ, 11-апрелде Астана шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатына катышкан грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарына кайтып келишти.

Спортчуларды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары-Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Артур Геворгян, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.

Азия чемпионатынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча беттештер 9-10-апрель күндөрү өттү. Кыргызстандын курама командасы жалпысынан 7 медаль (3 алтын, 1 күмүш 3 коло) утуп, Азия чемпионатында командалык эсепте 2-орунду ээледи.

60 кг салмак категориясында Жоламан Шаршенбеков, 77 кг салмакта Акжол Махмудов, 82 кг салмакта Акылбек Талантбеков алтын медаль, ал эми 97 кг салмакта Үзүр Жузупбеков күмүш медаль, 67 кг салмакта Раззак Бейшекеев, 72 кг салмакта Адилхан Нурланбеков, 130 кг салмакта Роман Ким коло медаль жеңди.

Белгилей кетсек, курама команда улук машыктыруучу Улукбек Карачолоковдун, башкы машыктыруучу Азат Эркимбаевдин, улук машыктыруучу Арсен Эралиевдин жана ошондой эле жеке машыктыруучулар Хаким Махмудов, Мирлан Алжанов, Мейрамбек Ахмедовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышышты.

11-12-апрель кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда, ал эми 13-14-апрель эркин күрөш боюнча курама команда чыгат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

691