7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азия Кубогу — 2026. Футзал боюнча улуттук курама тандоо оюндарында жүрүшүн баштайт

222

Бишкекте 20, 22 жана 24-сентябрь күндөрү футзал боюнча 2026-жылкы Азия Кубогунун тандоо оюндары өтөт.

Азия Кубогуна катышкан командалар 8 тайпага бөлүнгөн. Испаниялык адис Луис Бернат Молинанын жетекчилиги алдындагы Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы «F» тайпасында орун алган. Тайпа ичинде биздин кураманын атаандаштары — Өзбекстан, Чыгыш Тимор жана Палестина командалары.

Азия биринчилигинин «F» тайпасындагы тандоо оюндары быйыл Кыргыз футбол биримдигинин Спорт комплексинде өткөрүлөт.

Оюндардын жүгүртмөсү:

  • 20-сентябрь, 20:00 — Кыргызстан – Чыгыш Тимор
  • 22-сентябрь, 20:00 — Палестина – Кыргызстан
  • 24-сентябрь, 20:00 — Өзбекстан – Кыргызстан

Финалдык баскычка тайпаларда биринчи орунду ээлеген 8 команда, экинчи орунду ээлеген 7 мыкты команда жана турнирдин ээси жолдомо алат. Жалпы турнирге континенттин 16 командасы катышат.

Ал эми Азия Кубогунун финалдык баскычы Индонезияда өтөт. Билеттер ticketon.kz сайтында жеткиликтүү.

223