7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азия кубогуна бир кадам. Кыргызстан Шри-Ланка менен беттешет

252

Эртең, 9-сентябрь Олимпиадалык кураманын чечүүчү беттеши – Кыргызстан — Шри-Ланка оюну өтөт.

Беттеш саат 20:00дө Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Ошондой эле беттеш алдында күйөрмандар үчүн чоң шоу-программа даярдалган. Көңүл ачуучу программа саат 18:00дө башталат.

Финалдык этапка 16 мыкты команда чыгат: турнирдин кожоюну Сауд Аравия автоматтык түрдө катышат, ошондой эле ар бир тайпанын жеңүүчүлөрү — 11 команда жана эң мыкты көрсөткүчкө ээ болгон экинчи орундагы төрт комада финалдык баскычка жолдомо алышат.

Азия Кубогунун финалдык этабы 2026-жылдын январь айында Сауд Арабиясында өтөт. Беттешке билеттер TICKET.KG сайтында сатылууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын U-23 курама Олимпиадалык курамасы 2026-жылкы Азия Кубогунун тандоо турунда ийгиликтүү башталыш жасап, Палестина курама командасын 2:1 эсебинде жеңген. Ал эми экинчи беттешинде Өзбекстан менен ойноп, беттеш 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

253