7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Азия Микс» командасынын оюнчусу алдамчылыкка шектелип кармалды (ВИДЕО)

578

Чет элдик ишкерлерди алдап, ири суммадагы акча каражатын алып алган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгүндө («Алдамчылык») каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Кыргызстандын жарандары “Д.М.С.” жана “С.А.К.” кармалды.

Алар жеке кызыкчылыгын көздөп, жеке баюу максатында “Спекулант” ЖЧКсынын башкы директору, Россия Федерациясынын жараны “Ш.В.” ишенимине кирип, анын маселелерин укук коргоо органдарында чечүүгө көмөктөшүүнү убада кылып, чет элдик валютадагы ири суммадагы акча каражатын алып алышкан.

Белгилей кетсек, шектүүлөр убадаларын аткарбай, алынган акча каражатын өзүлөрүнө ыйгарып алуу максатында “Спекулант” ЖЧКсынын башкы директору Ш.В. жакындарына кысым көрсөтүшкөн. Ошондой эле, коркутуу менен, республиканын жогорку жетекчилиги менен жеке байланышта экендигин, ошондой эле УКМКнын төрагасы К.Ташиевдин уулу менен жеке тааныштыгы бар экендигин айтышкан.

Сотко чейинки текшерүү иштин жүрүшүндө «Д.М.С.» жана «С.А.К.» кылган ишин мойнуна алды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

УКМК, республиканын жарандарына укук коргоо жана башка органдар менен маселелерди чечүүдө кандайдыр бир жол менен көмөк көрсөтүүнү көздөгөн, ошондой эле республиканын жетекчилиги же өкөнүн башка жогорку кызмат-адамдарынын атын сатып, жеке байланыштарым бар деп пайдаланып жүргөн адамдарга ишенбөөнү өтүнөт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

579