Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Азия оюндарынын финалына чыкты.
Ал жарым финалдык беттеште Медет кызы тайвандык спортчу Чан Хуэй-Цзыны 8:0 эсебинде жеңишке жетти. Алтын үчүн беттеште Айпери Медет кызы казакстандык спортчу Жамиля Бакбергенова менен күч сынашат.
Аталган мелдеште кыргыз балбаны 76 кг салмак ченинде катышып, алгачкы атаандашы кытайлык Хуан Ванды 2:1 эсебинде жеңип, 4/1 финалга чыккан. Андан соң Медет кызы вьетнамдык спортчу Тхи Линь Дангдын далысын жерге басып, 8:0 эсебинде таза жеңишти камсыздап, жарым финалга жолдомо алган.