Бүгүн, 10-февралда, Кытай Эл Республикасынын Харбин шаарында өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарынын алкагында хоккей боюнча мелдештердин төртүнчү айлампасы жыйынтыкталды.
Кыргызстандын улуттук курама командасы төртүнчү айлампада төртүнчү команда менен ойноп, 6:5 эсебинде жеңди.
Эске салсак, улуттук курама биринчи айлампада Кувейттин командасын 8:9 эсебинде, экинчи айлампада Бахрейндин командасын 29:0 эсебинде уткан эле. Үчүнчү айлампада Сингапурдун командасын 11:2 эсебинде жеңген.
Бешинчи айлампада Түштүк Кореянын командасы менен ойнойт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча эртең, 11-февраль күнү, саат 14тө башталат.