Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарында коло байгеге ээ болду.
Ал коло үчүн болгон беттеште казакстандык Ирина Кузнецованы менен чыгып, аны 2:1 эсебинде жеңди.
Эскерте кетсек, Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. Спорттук иш-чара 8-октябрга чейин болот.