7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азия оюндарында Кубанычбек Айбек уулу коло медалдын ээси болду

168

Бүгүн, 29-сентябрда, күрөш боюнча Кыргызстандын спортчусу Кубанычбек Айбек уулу (66кг чейин) Азия оюндарында коло медалдын ээси болду. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Алгачкы беттешинде кыргызстандык спортсмен Ооганстандын өкүлү Чекмар Меражуддинди 3:0 эсебинде, чейрек финалда Түштүк Кореянын өкүлү Юн Хуенсуну 10:0 эсебинде уткан.

Жарым финалдык беттеште Ирандык Вахид Бариманлоуго 0:3 эсебинде утулуп, үчүнчү орунду ээледи.

Буга чейин Жапонияда өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында ММА боюнча (аралаш таймаш) Кыргызстандын спортчулар Дастан Каныбек уулу жана Сыймык Жаныбек уулу коло медалга ээ болду. Андан кийин кыргызстандык спортчу Ырыскелди Дүйшеев коло медалды, сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов күмүш медаль жеңип алган.

 

169