7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн Албанияда 9 кыргызстандык балбан килемге чыгат

13

Бүгүн Албаниянын Тирана шаарында спорттук күрөш боюнча экинчи рейтингдик MUHAMET MALO-2026 турнири башталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдешти алгач эркин күрөш боюнча балбандар ачып, ага Кыргызстандан 9 балбан катышат. Алар 57 кг чейинки салмак категориясында Абдымалик Карачов 61 кг чейинки салмакта, Бекзат Алмаз уулу 65 кг чейинки салмак категориясында, Билол Шарип уулу ушул эле салмакта, Осконбай Абдисаматов 70 кг чейинки салмакта, Эрназар Акматалиев 70 кг чейинки салмак категориясында, Залкарбек Табалдиев менен Рустамжан Кахаров жана 74 кг чейинки салмак категориясында жана Орозобек Токтомамбетов менен Адилет Акылбековдор беттешке чыгат.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталат.

14