Бүгүн, 17-октябрда Бишкек шаарынын айрым аймактарында ысык суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Шопен көчөсүндөгү жылуулук түйүнүндөгү бузууларды оңдоого байланыштуу  5-кичирайондо ысык суу берүү токтотулат.

Ысык суу төмөнкү даректердеги турак үйлөргө берилбейт: №68, 69, 70, 71, 72, 72/1, 73, 79, 80, 81, 82.