7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтөт

551

Бүгүн, Беларустун Минск шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт.  Аталган жыйын Кыргызстандын төрагалыгы астында өтөрүн Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө электрондук соода, бажы кызматташтыгы маселелерин талкуулоо, мурда берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча отчёт каралган.

Анын алкагында өкмөт башчылары товарларды идентификациялоо жолу менен маркировкалоону киргизүү, өнөр жайдын артыкчылыктуу жана жогорку технологиялуу тармактарында кызматташуу жана импортту алмаштыруу боюнча комиссия түзүү, Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жаатындагы биргелешкен аракеттеринин программасын талкуулашат.

Иш-чарага Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн, интеграциялык бирикменин байкоочу мамлекеттеринин өкмөт башчылары, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышары айтылды.

Ал эми 21-июнда Минск шаарында Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин кезексиз жыйыны өтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

552