7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн IV Элдик курултайдын экинчи күнү өтөт

154

Бүгүн Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында IV Элдик курултайдын экинчи күнү өтөт.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин катышуусу күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, эки күнгө созулган иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегаттар келишкен.

Кечээ иш-чара өлкөнүн акыркы жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги жыйынтыктары тууралуу тасманы көрсөтүү менен башталды.

Андан кийин сөз кезеги делегаттарга өтүп, алар өлкөнү комплекстүү өнүктүрүүгө жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга умтулууну чагылдырган маселелерди айтышты.

Белгилей кетсек, бүгүн курултайдын жыйынтыгы боюнча IV Элдик курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

155