7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

К. Ташиев спортчуларга батирлердин ачкычын берди

365

Бүгүн, 25-декабрда УКМК төрагасы К.Ташиев дүйнөлүк аренада ийгиликтерди жараткан 6 спортчуга өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, батирлерди белекке берди.

«Бардык спортчуларды, жеңүүчүлөрдү куттуктайм. Кыргызстан өзгөчө эркин күрөш боюнча дүйнөнүн эң алдыңкы өлкөлөрүнүн катарында. Андыктан, биз дүйнөлүк аренада Кыргызстандын желегин көтөргөн спортчуларды колдоп келгенбиз жана колдой беребиз. Спортту колдоонун алкагында жана Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, бүгүн алты спортчуну сыйлоону чечтик» — деп белгиледи Камчыбек Ташиев.

Сыйлоо аземинин жүрүшүндө: Айпери Медет кызына (эркин күрөш) — 3 бөлмөлүү батир, Асан Жанышовго (грек-рим күрөшү) — 2 бөлмөлүү батир, Ихтияр Нишоновго (бокс) — 1 бөлмөлүү батир, Омар Ливазага (бокс) — 1 бөлмөлүү батир, Смадияр Жумакадыровго (грек-рим күрөшү, Сурдлимпиада оюндары) — 1 бөлмөлүү батир, Адилет Жапаркуловго (эркин күрөш, Сурдлимпиада оюндары) — 1 бөлмөлүү батирдин документтерин тапшырды.

366