7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн Кыргызстан менен Сауд Арабия кез келет. Атаандаштар тууралуу эмне белгилүү?

605

Бүгүн Азия Кубогунун тайпалык («F») оюндарынын алкагында Кыргызстан Сауд Арабия курама командасы менен беттешет.

Оюн Дохадагы Ахмат бин Али стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча 23:30да башталат.

Күн мурун беттеш алдында эки команданын башкы машыктыруучулары оюнчулардын катышуусунда маалымат жыйын өткөрдү.

Атаандаштар тууралуу:

«Жашыл шумкарлар» деген лакап атка конгон Сауд Арабия курамасы ФИФАнын дүйнөлүк рейтингинде 56-орунду ээлеп келет.

Курама өз тарыхында Дүйнө чемпионатында алты жолу ойноп, бир гана жолу — 1994-жылы турнирдин плей-офф баскычына чыга алган.

Италиялык адис Роберто Манчини 2023-жылдын август айынын аягында кураманын жаңы башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Ага чейин машыктыруучу Италиянын Улуттук курамасын беш жыл бою жетектеп келген.

«Жашыл шумкарлар» Азия Кубогунда 1980-жылдан бери өткөрбөй ойноп, аны үч ирээт жеңип (1984, 1988, 1996), үч ирээт финалда жеңилүү ызаасын тартышкан.

Кыргызстан жана Сауд Арабия курамасы тарыхта эки жолу ойногон. 1996-жылдын январь айында орун алган беттештер атаандашыбыздын пайдасына аяктаган (0-2, 0-3).

Сауд Арабия учурдагы турнирге болгон даярдыктын алкагында үч контролдук оюн өткөргөн. Курама Ливан (1-0) жана Гонконг (2-0) командаларын жеңип алса, Палестина менен болгон беттеши голсуз тең чыгуу менен аяктаган (0-0).

Сауд Арабиясы 2027-жылкы Азия биринчилигин жана 2034-жылкы Дүйнө чемпионатын кабыл ала турган өлкө.

606