7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн өлкөдө шайлоо алдындагы «жымжырттык күнү»

146

 

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-ноябрда саат 08:00дөн баштап шайлоо алдындагы үгүт иштерине тыюу салуу күчүнө киргенин эскертет.

«Жымжырттык» күнү деп аталган бул мөөнөт добуш берүү башталганга чейин 24 саатка созулат.

«Жымжырттык» күнүнүн негизги максаты – шайлоочуларга тышкы таасирсиз өз тандоолорун бейкапар карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн берүү болуп саналат.

​Бул күнү саясий партияларга жана талапкерлерге төмөнкүлөргө тыюу салынат:

  • кайсы бир талапкерди же партияны колдогон же ага каршы үгүттөө;
  • шайлоо программаларын талкуулоо;
  • жаңы жарнамалык материалдарды жайгаштыруу.
Эртең, 17-ноябрда, кыргызстандыктар 33 депутатты шаардык кеңешке, 231 депутатты айылдык кеңештерге шайлайт. Жалпысынан шайлоого 39 партия аттанып, 4 928 талапкер катталган.
Бүгүн болсо шайлоо участокторунан сырткары добуш берүү жүрүп жатат.
147