7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн PWL – 3 мелдешинде Жоламан, Мээрим баштаган 3 балбан күчүн сынайт

736

Иван Поддубныйдын балбандар лигасынын (PWL – 3) кезектеги мелдешинде кыргызстандык үч балбан күчүн сынайт. Бул тууралуу күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш бүгүн 20-декабрда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда саат 19:00дө башталат. Анда Кыргызстандын атынан Жоламан Шаршенбеков, Мээрим Жуманазарова жана Үзүр Жузупбеков катышат.

Жоламан Шаршенбеков россиялык күчтүү балбан Анвар Аллахьяров менен күрөшөт, Мээрим Жуманазарова Россиянын бир нече жолку чемпиону Ксения Буракова менен кармашат. Ал эми Үзүр Жузупбеков Александр Головинге (россиялык балбан) каршы килемге чыгат.

Белгилей кетсек, PWL – 3 мелдеши World Series форматында, башкача айтканда, дүйнөнүн эң мыкты балбандары килемге чыгып, бир жолудан күрөшөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

737