7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн түнү Манас–Бөкөнбаев көчөсү жабылат

445

Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматы боюнча, 14-августтан 15-августка караган түнү саат 00:00дөн 06:00гө чейин Манас проспектиси менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишиндеги жол кыймылы убактылуу жабылат.

Чектөө “Бишкекасфальтсервис” МИ тарабынан чакмак жол чийиндерин жаңылоо иштерине байланыштуу киргизилет. Бул белгилер унаа тыгындарын азайтуу үчүн светофор менен жөнгө салынуучу кесилиштерде колдонулат. Жумуштар түнкүсүн, МАИ кызматкерлеринин коштоосунда жүргүзүлөт.

Буга чейин мындай чийиндер Манас–Москва, Манас–Токтогул жана Манас–Киев кесилиштерине түшүрүлгөн. Жакынкы күндөрү борбордун дагы 11 кесилишинде иш жүргүзүлөт.

446