Социалдык тармактарда эркек киши жаш кызды күч колдонуп унаага салып жатканы тууралуу видео тарады. Видео «Манас» аэропортуна жакын жерде тартылган. Милиция кызматкерлери аларды издөөгө алды. Бул тууралуу Чүй ОИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 15-апрелге караган түнү «Манас» аэропортунун унаа токтотуучу жайында болгон.
Чүй облустук Ички иштер башкы баркармалыгынын басма сөз кызматынан билдиргендей, Сокулук районунун Ички иштер органынын кызматкерлери окуя болгон жерге дароо жетип барышкан. Тергөө башталып, жаңжалдын катышуучуларынын өздүгүн аныктоо боюнча ыкчам аракеттер жүрүп жатат, бардык жагдайлар такталууда.
Посмотреть эту публикацию в Instagram