Бүгүн, 8-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Кыргызгидромет борбору аба ырайы тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирет.
Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28,
Таласжергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24,
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 26…28 градус жогору болот.