7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттик жаңы жылдык балатыдан фоторепортаж

298

Президент Садыр Жапаров жана Биринчи айым Айгүл Жапарова бүгүн, 22-декабрда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында салтка айланган балдар үчүн жаңы жылдык концертке катышты.

Иш-чарага республиканын бардык аймактарынан 1100 бала чакырылган, алардын арасында окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, кызмат учурунда каза болгон укук коргоо органдарынын жана аскер кызматкерлеринин балдары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар келишкен.

Жаңы жылдык оюн-зоок башталар алдында Мамлекет башчысы менен Биринчи айымды фойеде тосуп алган бөбөктөр жаратылышты коргоого арналган балдардын сүрөттөрүнүн көргөзмөсү тууралуу айтып беришти.


Балдар үчүн бий ийримдеринин окуучулары тарабынан даярдалган «Кереметтүү жаңы жыл» аттуу театрлаштырылган музыкалык жаңы жылдык спектакли уюштурулган. Жаш көрүүчүлөргө жаратылыш темасында оюн тартууланды.


Эске сала кетсек, былтыркы жаңы жылдык спектакль илимге жана жаңы технологияларга арналган.

Андан соң Садыр Жапаров салтанаттын катышуучуларын куттуктап, келе жаткан Жаңы жылда зор ийгиликтерди, көксөгөн тилектери орундалышын, өздөрүнө болгон ишенимди, кызыктуу идеяларды жана жеңиштерди каалады.

Мамлекет башчысынын сөзүнөн кийин эки мектеп окуучусу Садыр Жапаровго эстелик белек – кийиз панно тапшырышты.

Соңунда балдарга президенттин атынан белектер тапшырылды.

299