7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүнтөн баштап кафе-ресторандар саат 22:00дөн кийин жабылат

126

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик органдардын жана ишканалардын жетекчилерин электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды.

Анын айтымында, токтомго ылайык, кечки саат 22:00дөн кийин бардык той, оюн-зоок иш-чаралары, түнкү клуб, кафе-ресторандар ишин токтотушу керек. Анткени, элге саат 22:00дөн 07:00гө чейин тынчтык шарттары камсыздалууга тийиш.

Камчыбек Ташиев токтомду шаар мэрлери, акимдер, губернаторлор жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү аткарышы керек.

«Токтомдо алардын милдеттери экени жазылган болчу. Мен аларга сөзүм менен дагы тапшырма берип кетейин. Урматтуу жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери! Бүгүн, 13-ноябрдан баштап өлкөнүн бардык аймагында кечки саат 10дон кийин той, оюн-зооктор болбошу керек, кафе-ресторандар ишин токтотушу зарыл. Эгер тартипке баш ийбесе, электр жарыгын өчүрүп койгула»,- деди ал.

127