7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүйүр кызыткан беттеш! Кыргызстан менен Тажикстандын оюну тең чыгуу менен аяктады

754

Кыргызстан менен Тажикстандын чутбол боюнча курама командаларынын оюну тең чыгуу менен жыйынтактылды. «Ак шумкарлар» топко ээлик кылып, кооптуу чабуулдарга байма-бай чыкканы менен эсеп ачылган жок.

Азия кубогунун тандап алуу оюндары алты өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда өттү. F тайпасында Кыргызстан, Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары жайгашкан. Бул тайпадагы оюндардын баары Бишкекте болду.

Бардык оюндардын жыйынтыгында Кыргызстан менен Тажикстандын курамасы жети упай топтоду.

Азия кубогу үчүн 24 курама команда күч сынашат. Буга чейин алардын 13ү аныкталса, калган 11и тандоо турунан өтүүдө.

2023-жылкы Азия кубогу кийинки жылы 16-июндан 16-июлга чейин Кытайда өтмөк, бирок ал өлкө коронавируска байланыштуу мелдешти өткөрүүдөн баш тарткан. Азырынча кайсы жерде өтөөрү белгисиз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

755