7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры 36 жылдан кийин жаңыланды

119

Б. Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театры 1989-жылы негизделип, 36 жыл бою өзүнүн жеке имаратысыз иштеп келген. 2024-жылы имарат толугу менен театрдын карамагына өткөрүлүп, 2024-2025-жылдары Министрлер кабинетинин токтомунун негизинде капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, жаңыланган имарат заманбап жарык, үн, механикалык жабдуулар, видеобайкоо системалары жана көрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу креслолор менен толук жабдылган. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк стандарттарга жооп берип, көрүүчүлөр жана чыгармачыл жамаат үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Театр 36 жылдык тарыхында алгач ирет толук кандуу өз имаратына ээ болуп, жаш көрүүчүлөрдүн руханий тарбиясына кызмат кылууга жаңы дем менен киришти.

 

120