7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баңгизат саткандарды үстүнөн коргоп жүргөн милициянын полковниги кармалды

685

Баңгизаттарды сатуу менен алектенгендердин үстүнөн коргоп жүргөн ИИМдин мурдагы кызматкери, милициянын полковниги кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып, өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча коңшу мамлекеттин аймагына мыйзамсыз түрдө жалпы салмагы 11,51 кг баңгизатын алып өтүү аракети менен мурда кармалган А.М.А. жана К.К.М. карата козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында, бул кылмыш ишине катыштыгы бар үчүнчү адам, мурда кылмыш болгон жерден качып кеткен Кыргыз  жараны О.А.Ы. кармалды.

Ошондой эле, алардын колдоочусу катары КР жараны, милициянын отставкадагы полковниги Р.Ю.М. кармалып, анын үйүн тинтүү учурунда баңгизаты табылып алынган.

Учурда шектүүлөр Талас облусунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

686