Жекшембиде республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24…+29, Талас өрөөнүндө +21…+26, Ысык-Көлдө +15…+20, Нарын жергесинде +16…+21 градус жылуу болот.
Борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында 11-майда ала-булут каптап турат, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Күндүн табы +27…+29 градуска чейин көтөрүлөт