7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баетов: Өлкөдө абактагылардын саны азайып, кайталанма кылмыштар төмөндөдү

5

Кыргызстанда абактагы адамдардын саны азайып, кайталанма кылмыштар төмөндөдү. Бул тууралуу юстиция министри Аяз Баетов “Бардыгы үчүн адилеттүүлүк” (JUST4ALL) долбоорунун жыйынтыгын чыгарууда билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Европа биримдигинин биргелешкен бул долбоорунун алкагында сот системасы санариптештирилип, пробация кызматы өнүктүрүлгөн. Натыйжада айрым жарандар жазасын абакта эмес, көзөмөл алдында өтөөгө мүмкүнчүлүк алышып, түрмөдөгүлөрдүн саны кыскарган. Бул өз кезегинде кылмыштын кайталанышын азайткан.

Ошондой эле кылмыштардын бирдиктүү реестри түзүлүп, процедуралар жөнөкөйлөштүрүлгөн. Долбоор БУУнун тиешелүү түзүмдөрү, эл аралык уюмдар жана мамлекеттик органдар менен биргеликте ишке ашырылган.

Жыйында тараптар долбоордун экинчи фазасын баштоо боюнча макулдашууга кол коюшту.

6