Былтыркыга салыштырмалуу быйыл 2-3 млн. кВт саатка көп электр энергиясы коротулууда. Бул тууралуу маалымат жыйында «Улуттук энергохолдинг» ишканасынын жетекчиси Таалайбек Байгазиев билдирди.
Маалыматка ылайык, эн көп электр энергиясын керектөө Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталып жатат.
«Электр жарыгын үнөмдөп колдонсок, кыштан чыгып кетебиз. Маал-маалы менен өчүрүү болбойт. 1-ноябрга чейин пландалган оңдоп-түзөө иштери толук аяктады. Эми өчүрүүлөр болбойт, айрым жерлерде гана авариялык өчүрүүлөр болушу мүмкүн. Былтыркыга караганда быйыл 2-3 млн. кВт саатка көп электр энергиясы коротулуп жатат”, — деди Байгазиев.
Ошондой эле Таалайбек Байгазиев аймактарда электр энергиясын колдонуу боюнча лимитке кирүү натыйжа бербегендигин айтты.
Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев электр энергиясы ашыкча пайдаланылып жатканын, мындан улам Бишкек ЖЭБине күч келип жатканын Жогорку Кеңештин жыйынында айткан.