Президенттин “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыгынын алкагында жана Тогуз-Торо районундагы “Саймалуу-Таш” петроглифтерин ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү максатында “САЙМАЛУУ-ТАШ-САНАТЫ” аталышындагы төкмө акындардын республикалык айтышын өткөрөт.
Тандоо туру 6-ноябрда саат 10:00дө Кыргыз улуттук тарых музейинин залында өткөрүлөт.
Жарым финалдык жана финалдык айтыштар 18-ноябрда Тогуз-Торо райондук Азирет Сыдыков атындагы Маданият үйүндө саат 18:00дө башталат.
Байге фонду 1 миллион сом.
Байланыш телефон: 0709 665 202