7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Байге фонду 10 млн. сом «. Президенттин сынагы старт алды

380

Президенттин Администрациясынын Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө ал Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сыйлыгын алууга сынакка арыздарды кабыл алуу башталганын билдирди.

“Сиздерге маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сый акысын уюштуруу жөнүндө” Жарлыкка кол койгон. Бул сыйлыктын максаты – медиа жана журналистика жаатында чыгармачылыкты колдоо жана жетишкендиктерди таануу, журналистердин кесибинин беделин жогорулатуу жана чыгармачылык активдүүлүгүнө деп берүү. Сыйлыктын байге фонду 10 миллион сомду түздү. 10 номинациянын бир жеңүүчүсүнө 1 миллион сомдон тапшырылат”, – деди Дайырбек Орунбеков.

Отурумдун жүрушүндө ошондой эле катышуучуларга “Мейкин” сый акысына талапкерлерди тандоо жана ыйгаруу боюнча 11 көз карандысыз медиа эксперттен, журналисттерден, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган сынактык комиссиянын курамы тааныштырылып, башка актуалдуу маселелер талкууланды.

Сыйлык алуу үчүн сынакка катышууну каалагандар 2024-жылдын 1-январынан тартып үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейинки мезгилде даярдалган материалдарды meikin@mail.gov.kg электрондук дарегине жөнөтсөңүздөр болот. Толук маалымат алуу үчүн телефондор: 0312 960154; 0550 739 550.

Сынактын шарттары менен https://president.kg/news/all/25427 дарегинен тааныша аласыздар.

 

 

 

 

 

381