7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Байсалов: Акылбек Жапаров эл үчүн кызматын улантат

371

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун отставкага кетиши боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирүү жасады.

«Акылбек Жапаров алыска кеткен жок. Ал мындан кийин да президентке эң жакын адамы катары жардам берип, элибиздин жыргалчылыгы үчүн ак кызматын улантат. Бүгүн мен ага ыраазычылык сөздөрүмдү айткым келет», — деп жазган Байсалов соцтармактагы баракчасына.

«Садыр Жапаров президенттин администрациясынын жана министрлер кабинетинин жетекчилигин ротациялоо тууралуу чечим кабыл алды. Мындай чечим өлкөнүн өнүгүшүнө жаңы темп берүүгө, мамлекеттик башкаруунун жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стилин жаңылоо максатында кабыл алынды. Акылбек Жапаров эгемендүүлүктүн алгачкы отуз жылында топтолгон баа жеткис тажрыйбасы менен бөлүшүп, бүтүндөй бийлик вертикалын толугу менен кайра программалап, ишке киргизген мамлекеттик ишмер катары Кыргызстандын тарыхында калаары анык. Ал бардыгыбызды эффективдүү жана ак ниеттүү иштөөгө үйрөттү», — деп белгиледи Байсалов.

Байсалов кошумчалагандай, Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттин администрациясынын жетекчиси кызматын аркалаган учурда өлкө көптөгөн жетишкендиктерге жетише алды.

372