Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов коомдо жогорудагы кырдаалды курчуткусу келгендердин кадамдарына түйшөлүп жатканын билдирип, укук коргоо органдарын ортодо от жакчу иштерди дароо токтотууга чакырды.
Байсалов коомчулукта кытайлыктарга каршы маанайды күчөтүү аракеттерине тынчсызданып жатканын билдирген. Анын айтымында, айрым күнүмдүк майда-барат учурлардан улам эч бир негизсиз анти-кытайлык маанайды жараткан маалыматтар чыгарылууда. Муну ал “жоопкерчилиги жок саясий күчтөрдөн” көрөт. Аткаминер коомчулук менен министрлер кабинетиндеги кесиптештерин чагымчылдыкка алдырбоого үндөдү.
Ал мындай чагымчыл аракеттер өзүнөн-өзү чыкпайт деген ойдо. Алар өлкөнүн экономикалык өсүшүнө тоскоолдук кылууга, эл аралык аброюн солгундатууга, акыр-аягы Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө сокку урууга багытталган.
Аткаминер укук коргоо органдарын анти-кытайлык кастыкты козутуу аракеттерине бөгөт коюуга чакырды.
«Маселе биздин мамлекетибиздин мындан аркы өнүгүүсүнүн ийгилиги жөнүндө болуп жатат», — дейт Байсалов.
Байсалов жакында эле Пакистанга барган сапарында көргөндөрү тууралуу айтып берди.
Ал Синд провинциясынын жетекчилери менен сүйлөшүп калып, эң ири шаарларынын бири болгон Карачи калаасынын азыркы абалы тууралуу сураган. Ал жерде ишкана ачкан, соода кылган же инвестиция салган бир да кытайлык компания жок болуп чыккан.
«Эмнеге мындай болгонун сураганымда, бир кездери мамлекетке каршы күчтөр, чет жактагы колдоо менен анти-кытайлык өнөктүктү жүргүзүп, террордук кол салууларды да уюштурушкан айтып беришти. Жыйынтыгында бүгүн Карачиде бир да кытайлык мекеме коопсуз иштей албайт. Өлкө Кытай менен жакын турганына карабай, өнүгүүсүнө түрткү бере турган жолду жаап коюп, ал экономикалык өсүш үчүн кедерги болгон», — дейт Эдил Байсалов.
Аткаминер бул окуя Кыргызстан үчүн сабак болушу керектигин айтат.
«Бүгүн биздин коом да, мамлекеттик органдар да мындай чагымдар каяктан чыгып жатканын так түшүнүшү керек. Анын артында Кыргызстандын туруктуулугун солгундатууга жана экономиканын өсүшүн алсыратууга кызыктар күчтөр турат.
Өлкөнүн өсүп-өнүгүшү үчүн Кыргыз Республикасы Улуу Кытай менен ар тараптуу алаканы арттырууну көздөй турганын так айтышыбыз керек», — дейт ал.
Байсалов мындан бир нече жыл мурда Казакстан жана Өзбекстан учак менен келген Кытайдын жарандары үчүн бир тараптуу визасыз режим киргизгенин, анын аркасы менен Кытай да алардын жарандары үчүн визасыз тартип киргизгенин белгиледи. Эми бул өлкөлөр бир катар артыкчылыктарды алышты.
«Бүгүнкү күнү «эмне себептен Кыргызстандын жарандары Кытайга ушундай эле шарттар менен бара алышпайт?» деген көптөгөн кайрылуулар түшүүдө. Бул — адилет суроо.
Ошондуктан биз маалыматтык чагымдарга жоопкерчилик менен карашыбыз керек. Мамлекеттик саясатты эмоциянын негизинде жүргүзүүгө болбойт жана жүргүзүлбөшү керек. Биздин айкөл элибизге биздин максаттар так түшүндүрүлүп, Кытай Эл Республикасы менен кызматташууну тереңдетүүнү жана арттырууну уланта бериш керек», — дейт ал.



