7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Байсалов: Жаңы Кабмин жогорку квалификациялуу адистерди ишке тартат

421

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстандагы JICA Туруктуу өкүлү Немото Наоюки менен жолугушту. Анда ал Япония өкмөтүнө эки өлкө ортосундагы кызматташтык алкагында көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен иш күчөтүлөөрүн белгиледи. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тараптар мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу маселесин талкуулады. Тактап айтканда, кеп Адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн стипендиялар программасы (JDS) тууралуу жүрдү.

Байсалов белгилегендей, жаңы Министрлер Кабинети жогорку квалификациялуу адистерди ишке тартууга умтулууда.

«Сиздерге белгилүү болгондой, реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн күчтүү кадрлар керек. JDS програмасы боюнча билим алган мамлекеттик кызматкерлердин жумушчу орду гана сакталбастан, алар окуусун аяктаган соң карьералык өсүүсү камсыздалат. Биз аталган программа жана башка өнүктүрүү долбоорлору алкагында кызматташтыгыбызды күчтөндүрөбүз», — дейт ал.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

422