7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Байсалов: Жогорку кеңеш — бул аянтча. Бири-бирибизге сын айтканга татыктуубуз дагы, укуктуубуз

295

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Дүйнөлүк өкмөттөр саммити, Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын президент Садыр Жапаровго жообу жана президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

— Президенттин айрым депутаттар популизм менен алектенип жатат деген сөзүнө каршы парламенттеги айрым депутаттардын пикири коомчулукта реакция жаратып жатканы мыйзам ченемдүү көрүнүш болсо керек. Анткени депутаттар акыркы жылдары президентке эле эмес, өкмөт башчыга дагы мынчалык катуу сын айтпаса керек.

— Айтып эле жүрүшөт. Менин оюмча муну «бөйрөктөн шыйрак» чыгарып, өтө эле чектен чыккан көрүнүш катары кабыл албоого чакырат элем. Жогорку Кеңеш — бул аянтча. Ар кандай сындар да айтылат. Эл шайлаган депутаттарыбыз бар, эски депутаттарыбыз бар, жаңы, жаш депутаттарыбыз да кээ бир учурларда эмоцияга алдырып жатышат. Ар кандай көрүнүштөр болот. Дагы бир жолу кайталайм, бул нормалдуу көрүнүш. Биздин мамлекетте демократия, жалпы эл шайлаган президентибиз бар. Округдардан суурулуп чыгып, шайланган элдик депутаттарыбыз бар, өкмөт ортодо түзүлөт. Бардыгыбыз сөз эркиндигине ээбиз. Бири-бирибизге кандайдыр бир сын айтканга татыктуубуз дагы, укуктуубуз.

Булак: Азаттык

296