7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бакай-Ата районунун акими менен Талас токой чарбасынын директору кармалды

21

Талас облусунда Бакай-Ата районунун акими, Талас токой чарбасынын директору жана башка кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Маалыматка караганда, алар 2022-2023-жылдар аралыгында алдын ала сүйлөшүп, Таласка баруучу борбордук кире бериш жолунун боюнда жайгашкан жер тилкелерин эс алуу максатында мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча коррупциялык схеманы уюштурушкан. Токойдун 9,4 гектар жерин эс алуу жайына айланткан. Жалпысынан мамлекетке 23 млн сом зыян келтирилген. 

Мындан тышкары, аким 2024-жылы мурдагы кызмат адамдары менен сүйлөшүп, ыйгарым укуктары жоктугуна карабай Бакай-Атадагы 475 мырза теректи кыюуга уруксат берген. УКМК мындан 5 млн 310 миң сом зыян келтирилгенин белгиледи.

Бул фактылар боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында А.Б.М. жана А.Н.Ж. аттуу кызмат адамдары кармалып, убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

22