7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бакыт өргөөсүндө оңдоо иштери жүрүүдө

496

Бакыт өргөөсүнүн никени салтанаттуу түрдө каттоо залы оңдоо иштерине байланыштуу 15-майдан 15-июнга чейин жабык болот.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдиргендей, учурда кызматкерлер имараттын биринчи кабатында никени салтанаттуу түрдө каттоону улантууда. Жарандарды кабыл алуу адаттагыдай эле саат 9:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, үйлөнүү үлпөт сарайына борбор калаанын тургундары жана коноктору никени салтанаттуу түрдө каттоодон тышкары, төмөнкү кызматтар боюнча кайрылса болот:

  • туулгандыгын каттоо жана “Балага сүйүнчү” жөлөкпулуна кайрылуу тариздөө,
  • аты-жөнүн өзгөртүү, асырап алуу, күбөлүктөрдүн дубликатын алуу,
  • идентификациялык жеке номерди (ИЖН) ыйгаруу жана ажырашууларды каттоо.

Мындан тышкары, никени жеринде салтанаттуу каттоо үчүн чыгуу кызматы жеткиликтүү. Ошондой эле жарандар никени каттоо үчүн Калкты тейлөө борборлоруна да кайрыла алат.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандардан убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алат деп ишенет.

497