7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балбак Түлөбаев: Эң негизги чакырык карама-каршылыктарды четке кагып, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн биригүү

10

«Ырыс-Ордо» — бул жөн эле имарат эмес, Жаңы Кыргызстандын курулушунун белгиси. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Балбак Түлөбаев фейсбуктагы баракчасына билдирди.

«Калайык! Бүгүн жаңы тарыхыбызда дагы бир жакшы жаңылыкка күбө болдук. Ит куш уялап, талкаланып, шаардын көркүн бузуп турган мурунку ВДНХ имаратынын ордуна салынган заңгыраган Конгресс-холлду ачтык. Шүгүр Жаратканга, бизде деле салса, курса болот тура деген сезимге баттык. Эми мурун чет элде көрүп, суктанып жүргөн имараттар пайда болуп жатканына сыймыктандым.

Оңой эмес, Ынтымак Ордо менен чогуу бир архитектуралык композиция болуп, шаарыбыздын көркүн ачыптыр. Салынат экен дегенде, ушуну долбоорлогон адамдын аялы кызы менен ыйлаган видеосун көргөнүм бар. «Талкаланат экен, эмнеге бузуп жатышат?» деп ыйлаган эле. Эми ошол эже сүйүнүп жатса керек. Баары эле көп кабаттуу үй салынат да деп ишенбегенбиз! Мына эми, ыйлабаңыз, элге түбөлүк кызмат кыла турган заманбап имарат салынды. Ичи кыргыз тарыхы, маданияты жыттанат.

Эми кыскача анализ!!! Президентибиз «Ырыс алды — ынтымак» деген элдик накылды борборго койду. «Ырыс-Ордо» аталышы өзүнө эле мамлекеттин бакубатчылыгын, ынтымагын жана келечегин камтыйт. Эң негизги чакырык: саясий пикир карама-каршылыктарды четке кагып, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн биригүү.

Жаңы Кыргызстандын символу

«Ырыс-Ордо» — бул жөн эле имарат эмес, Жаңы Кыргызстандын курулушунун белгиси. 39 миң чарчы метр, 2000 кишиге чейинки залдар, «Курултай» конференц-залы, 8 мейман үйү бар. Бардыгы мамлекеттик бюджеттен салынганын өзгөчө белгиледи. Бул — «өз күчүбүз менен өнүгүп жатабыз» деген сөз.

Эл аралык маани

Конгресс-холл ШКУ, КМШ, ЕАЭБ, Түрк мамлекеттер уюму сыяктуу саммиттерди өткөрүүгө арналган. Жапаровдун максаты — Бишкекти Борбордук Азиянын дипломатиялык борбору кылуу. «Бишкек декларациясы», «Ырыс-Ордо келишимдери» деген аталыштар менен тарыхта калууну каалайт.
Жакын арада 35 жылдык мааракеге жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 20дан ашык мамлекеттин башчысы келет — ошол үчүн даярдык деп түшүндүрдү.

Тарых жана маданият менен байланыш

Имараттын Боз-Бөлтөктүн этегинде жайгашышы бекер эмес. Түлөберди жана Байтик баатырлардын ордосу ушул жерде болгонун эске салды. Ичинде Гапар Айтиев, Тургунбай Садыков, Ч. Айтматов, С. Чокморов ж.б. чыгармалары коюлган — бул чет элдик конокторго кыргыз маданиятын көрсөтүү куралы.

Жаштарга кайрылуу

Акыркы 35 жылдагы каталарды кайталабагыла деген сын жана тапшырма. «Түндүк-түштүк» деп бөлүнбөй, биримдикте иштегиле. Жаңы Кыргызстан бир адамдын эмес, бүт элдики. Кыскача айтсак: Президент Жапаров үч нерсеге басым жасады: ички ынтымак, тышкы имиджди көтөрүү жана өз алдынча өнүгүү. Арышың кең болсун, жолуң ачык болсун, элим!»,- дейт Түлөбаев.

11