7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балбак Түлөбаев Өзбекстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси менен жолукту

217

Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Өзбекстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Хуршид Мирсабиров менен жолукту. Бул тууралуу шардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолушууда Бишкек менен Ташкенттин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо маселелери талкууланды.

«Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык кызматташууга кызыкдар экендигин билдиришти. Бишкек менен Ташкенттин байланышын аныктап, сүйлөшүүлөрдүн кийинки этабы үчүн маанилүү негиз боло турган бир катар идеяларды жана сунуштарды бириктирүү чечими кабыл алынды», — деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 1996 жана 2017-жылдары Бишкек менен Ташкент шаарынын мэриясынын ортосунда экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык тармактарда кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

218