Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Өзбекстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Хуршид Мирсабиров менен жолукту. Бул тууралуу шардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолушууда Бишкек менен Ташкенттин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо маселелери талкууланды.
«Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык кызматташууга кызыкдар экендигин билдиришти. Бишкек менен Ташкенттин байланышын аныктап, сүйлөшүүлөрдүн кийинки этабы үчүн маанилүү негиз боло турган бир катар идеяларды жана сунуштарды бириктирүү чечими кабыл алынды», — деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 1996 жана 2017-жылдары Бишкек менен Ташкент шаарынын мэриясынын ортосунда экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык тармактарда кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлган.