7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

160 балага акысыз лагерь уюштурулду

626

Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен аз камсыз болгон жана көп балалуу үй бүлөлөрдүн балдары үчүн “Ассоль” коомдук кайрымдуулук фонду “Жаш лидерлер Ысык-Көл жээгинде” аталышындагы бир жумалык жайкы лагерь уюштурду.

Ага Кыргызстандын бардык облустарынан 160 бала барып катышты. Эс алуу учурунда балдарга психология, этика, маданият, актёрдук, вокалдык чеберчилик боюнча сабактар өтүлүп, ысык булактарга түшүү, тоого чыгуу, спорттун ар кандай түрлөрү боюнча мелдештерге катышуу жана башка көптөгөн кызыктуу оюндар уюштурулду.

Мындан сырткары Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин артисттери лагерге барган балдар үчүн көл жээгинде оюн-зоок көргөзүп өнөр тартуулашса, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын артисттери жана кыргыз эстрадасынын бир катар көрүнүктүү ырчылары балдар менен бирге ырдап, бийлеп майрамдык маанай жаратышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

627