33 жаштагы анестезиолог-реаниматолог 1 340 ампуланы уурдаган. Ч.Т. аттуу шектүү 2023-жылдан бери Бишкек шаарындагы балдар клиникаларынын биринде иштеп келген. Ал медициналык жайдын директорунун атынан жасалма ишеним каттарды даярдап, баңгизат жана психотроптук каражаттарды уурдап, өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.