7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балдар ооруканасына 8 мобилдик госпиталь орнотулду

597

Бишкектеги балдардын шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына 8 мобилдик госпитал орнотулду. Мындай иш-аракет бейтаптардын агымын жөнгө салуу жана оорулуу балдардын ата-энелерине шарт түзүү максатында жүргүзүлүүдө.

Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун айтымында, ооруканага бир суткада 451 бейтап кайрылса, анын ичинен 51 бала ар кандай оорулар менен ооруканага жаткырылып, калгандары адистин кеңешин алгандан кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Күнүнө 13төн дарыгер нөөмөттө турат, нөөмөттөгү дарыгерлердин санын 15кежеткирүү пландалууда.

«Оорулуу баланы экиден кем эмес адам коштоп жүргөнүн баарыбыз билебиз. Бул дагы оорукананын коридорлорунда кошумча кезектерди жаратууда. Кесиптешим Өзгөчө кырдаалдар министри менен макулдашуу боюнча февраль-март айларына чейин иштей турган көчмө госпиталдар уюштурулду. Ошондой эле, тез жардам боюнча Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында жана Эне жана баланы коргоо улуттук борбордун экинчи базасында Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерге жана ВИЧке каршы күрөшүү боюнча республикалык борбордун көчмө клиникалары иштейт. Мобилдик клиникада УЗИ жана ЭКГ аппараттары бар, бейтаптардын агымы көп болгон учурда кезек күтүүнү азайтуу үчүн колдонулат», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

 

598